• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бегайым Бейшеналы кызы Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Казак күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Бегайым Бейшеналы кызы Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 60 кг чейинки салмакта катышкан. Финалдык беттеште грузиялык балбанды жеңип, 1-орунду ээледи.

Эскерте кетсек Бүткүл дүйнөлүк оюндары 20-октябрь күнү башталган. Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп жатат. Кыргызстандын улуттук курама командасы карате, самбо, джиу-джитсу, грепллинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышууда.

Мелдеш 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий