• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ормон хандын 230 жылдыгына карата улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт

Спорт 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон хандын 230 жылдыгына карата улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер саат 10:00дө башталат, анын жүрүшүндө ат чабыш, салбуурун жана кыргыз күрөшү боюнча беттештер болот.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий