• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын жаш балбандары Уфадагы Дүйнө чемпионатына катышууда

Спорт 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Уфадагы Дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан кабарлашты.

Спортчуларды машыктыруучулар Нурлат Такиров жана Улан Надырбек уулу коштоп кеткен.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-22-августта Россиянын Уфа шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий