• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт башчы: ЕАЭБ алкагында пенсия менен камсыз кылуу келишим Кыргызстындык эмгек мигранттардын укугун коргойт

Саясат 0

БИШКЕК, 15.08.17. /Кабар/. ЕАЭБ мүчө мамлекеттер арасында пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишим биздин жарандарды Евразия мейкиндигинде өздөрүн корголгон катары алып жүрүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн ЕАЭБ Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«ЕАЭБ Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынынын күн тартибинде биз негизги жана маанилүү бир катар маселелерди карап чыктык. Анын ичинде – бирдиктүү энергетикалык рынокту түзүү, биримдиктин соода байланышын кеңейтүү, эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу маселелери бар. Конструктивдүү диалогдор болуп, көпчүлүк маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды. Бүгүн ЕАЭБ алкагында ИДП көлөмү өскөндүгүн айтсак болот. 2017-жылдын январь-май айларына өз ара соода көлөмүнүн өсүшү 28,2% түзгөн. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык өсүш калыптанып келатканын билдирет. Анын менен бирге интеграциялык биримдикке Кыргызстандан чыккан экспорт 29,6% жана импорт 7,3% өскөн. Биз ЕАЭБдин талаптарына көнүүдө улуттук экономиканын түшүп кетүү коркунучутарынан өтө алдык», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экономиканын санариптик трансформациясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Биз жалпы энергетика рыногун алкагында соода борборлоштурулган пайдубалды түзүүгө чечим, ЕАЭБке мүчө-мамлекеттердин кызматкерлеринин пенсия боюнча келишимди талкууладык. Келишимдин маанилүү бөлүгү макулдашылды. Анын күчүнө кириши биздин жарандарды ЕАЭБ аймагында өздөрүн корголгон жаран катары алып жүрүшүнө шарт түзөт. Ошондуктан биз аталган келишим мүмкүн болушунча тезирээк– 2018-жылы ишке киришине кызыкдарбыз», – деди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2017-жылдын октябрь айынын аягында Ереван шаарында (Армения Республикасы) өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты.

Эскерте кетсек жолугушууга Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Пикир

Оставить комментарий