• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Азербайжандын лидери Ильхам Алиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизди, ошондой эле боордош кыргыз элин элдерибиздин бай маданий-тарыхый мурасын ичине сактап келген Новруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Табиятка болгон чексиз сүйүүсүн чагылдырган бул майрам ар дайым адамдарды жакындатып келген. Салттардын кооздугун сактоо менен Новруз кылымдарды карыткан маданий мурастарды урматтоонун үлгүсү болуп эсептелет.

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достукту жана бир туугандыкты бекемдөө үчүн мындан ары да биргелешкен аракеттерди улантабыз деп ишенем”, - деп айтылат Азербайжандын президентинин куттуктоосунда.

Ильхам Алиев ошондой эле Азербайжан Республикасынын президенти кызматына шайланышына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору жана жакшы каалоолору үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын президентине чың ден соолук, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий