• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ынтымактын, мол түшүмдүн жылы болсун! Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Кадырлуу калайык-калк!
Алыс-жакында жүргөн урматтуу мекендештер!

Биз – ар дайым кечээги өтмүшүбүзгө сереп салып, кылымдарды карытып келген ата-баба мурастарына кастарлап сый мамиле кылган элбиз. Байыркы бабаларыбыз жаздын келишин жандануунун башаты, жыл ажыраган күн катары толкундоо менен күтүшкөн. Мына ошол жан бүткөндүн баарын алсыраткан кыштан кийин күн жылымтык тартып, жаратылыш жандана баштаган көктөм жаздын көркөм бир күнүндө – Нооруз майрамында сиздер менен аман-эсен жүз көрүшүп олтурабыз.

Өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алган Нооруз майрамы менен жалпы мекендештеримди чын дилимден куттуктаймын! Бир ай мурун буудай өндүрүп, кечээ түнү таң аткыча сүмөлөк кайнатып, Жараткандан суралган бата-тилектер кабыл болсун. Ар бир кыргызстандык үчүн бул жыл ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктин, өлкөбүз үчүн ынтымактын, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн жылы болушуна тилектешмин.

Миңдеген жылдарды карыткан санжыргалуу тарых-таржымалы бар Нооруз майрамы – Ортонку Чыгыш менен Борбор Азиядагы көп элдер үчүн эзелтеден келген орток майрам. 2009-жылы бул майрамдын байыркылыгын, баа жеткис мурасын, орток баалуулук экенин эске алуу менен ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилгени да бекеринен эмес!

Эгемендик алгандан тарта мамлекетибизде бул майрам салттуу ырым-жырымдар, улуттук оюндар менен коштолуп, майрамдын көркүнө көрк, шаңына шаң кошуп келүүдө.

Көрктөнүп келе жаткан жаратылыш менен баба дыйкандын ажырагыс биримдигин даңазалаган бул майрамдын мааниси бийик, шааниси ыйык десек болот. Себеби илгертен эле табият менен таттуу мамиледе жашап келген кыргыз эли үчүн жаздын келиши өтө маанилүү.

Дегенибиз агрардык мамлекет катары эрте жазга жетпей эле айдап-себүү, сугат иштери жана башка жумуштар, эң ириде, азык-түлүк коопсуздугун камсыздай турган чарбанын иши жанданып, мерчемделе баштайт. Дыйканчылыкта түшүмдүүлүктүн башкы өбөлгөсү катары суу менен камсыз кылуу маселесине олуттуу карап, жыл башында буга батыл кириштик.

Өлкөнү өнүктүрүү, эл-журтубуздун жашоо-турмушун жакшыртуу жаатында алдыбызга бийик мүдөө-максаттарды коюп, аларды ишке ашырабыз деген дем-күч, бекем ишеним менен Ноорузга аяк басып олтурабыз.

Өткөн жылы өлкө аймагындагы сугат каналдарын тазалоо иштерин колго алсак, бул жылы БДР менен БСРлерди калыбына келтирүү, жаңыларын куруу иштерин жолго коюунун камын көрүп жатабыз. Ошону менен бирге ирригациялык курулмаларды оңдоо, айылдарды таза суу менен камсыздоо системасынын курулушун жүргүзүүгө басым жасайлы деп турабыз.

Планетада климат өзгөрүп, барган сайын суу тартыштыгы байкала баштаган маалда жашап жатабыз. Ошентсе да, биздин ата-бабаларыбыз “Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор” деп суунун баркын эчак эле эки сөз менен таасын белгилеп коюшкан экен. Мына ошондуктан өлкөбүздүн башкы жаратылыш байлыгы болгон сууну жана энергетикалык ресурстарды ары сарамжал, ары туура пайдаланууну башкы максат кылып келатабыз.

Борбор Азияда суу башы атыккан мамлекетибизде быйыл ГЭСтердин кубаттуулугун арттыруу, модернизациялоо жаатында дагы бир топ натыйжалар күтүлүүдө. Буюрса, жакында “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин ачылышын жасайбыз. Ал эми Кыргызстан эле эмес, коңшу мамлекеттер үчүн дагы мааниси зор, кылым курулушу атыккан “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору быйыл конкреттүү иш-чаралар менен коштолот. Өзүңүздөр жакшы билгендей, бул ГЭСибизди куруп алсак, эл аралык “КАСА-1000” долбоорунун алкагында Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгү кыйла артат!

Инвестициялык саясатыбыздагы, анын ичинде салыктан бошотуу өңдүү жеңилдиктер Кыргызстанга инвесторлордун келишине жагымдуу жагдайларды жарата баштады. Буга кечээ жакындагы эле Автоунаа чогултуу жана аларды эл аралык сатыкка алып чыгуу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын куруу боюнча долбоорду мисалга тартсак болот.

Биз ушул сындуу чоң-чоң долбоорлор менен катар элибиздин көтөргөн маселелерин дагы көз жаздымда калтырган жокпуз. Өткөн жылы пилоттук долбоор катары Түп району менен Нарын облусунда ийгиликтүү ишке ашырылган административдик-аймактык реформанын натыйжасы менен башка аймактарда дагы ушундай ирилештирүү реформасын жүргүзүүгө бел байлап олтурабыз. Мындай кадамдар эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен жасалган. Реформа жүргүзүү боюнча чечим кабыл алынган соң, аягына чыгарышыбыз керек. Дүйнө агымы менен бир агып, биз дагы чоң-чоң шаарларды курушубуз кажет, өнүгүүгө бет алышыбыз абзел.

Мындан сырткары, калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бардык системасын санариптештирүү барган сайын өркүндөөнүн үстүндө.

Өзүңүздөр билгендей, “Түндүк” улуттук долбоорунун жүзөгө ашырылышы менен мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу кескин жогорулап, анын таасири коррупциялык көрүнүштөрдүн азайышына алып келүүдө.

Ушул жана башка иш-аракеттерибиздин негизинде элибиздин бакубат турмуш, бардар жашоосун камсыз кылуу жаатындагы аракетибиз өз натыйжасын бере баштады. Буга Бириккен Улуттар Уюмунун жарыялаган Адамзаттын өнүгүү индекси боюнча Кыргызстан жогорку өнүккөн өлкөлөр тобуна киргендиги далил, өнүгүүгө багыт алганыбыздын эл аралык коомчулукта билине баштагандыгы кубандырат. Кудай буюрса, иш-аракетибизди токтотпой, жапа тырмак аракетибиз менен акырындап алдыга жыла беребиз.

Урматтуу мекендештер!

Дүйнөнү өзгөртүүдөн тартып, жеке бир адамдын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө чейин билим берүүнүн орду эбегейсиз экенин баарыбыз аңдап-түшүнүп калдык. Өлкөбүздө башкы баалуулук катары билимди таанып, болгон инвестициясын балдарынын билим алуусуна жумшаган жарандарыбыздын саны артып баратканы абдан кубандырат. Биз мамлекет катары билимдин пайдубалын түптөй турган мектептерге көңүл бурууга басым жасоого кириштик. Буга чейин мугалимдердин маянасын көтөрүү менен мектеп имараттарын жаңылоого маани берип келген болсок, буюрса, мындан ары мектептерди окуу программасы менен окуу китептеринин сапаттуу болушуна маани беребиз. Буга чейинки окуу программасы азыркы муундун талабына жооп бере албай калганын ачык эле айтып коюшубуз керек. Биз алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүүбүз үчүн жаштарыбыздын билим жөндөмүн эселеп жогорулатуубуз зарыл.

Мындан улам, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган “Алтын Казык” аттуу мамлекеттик жаңы программанын долбооруна дыкат көңүл бурабыз. Бул маселе ар дайым биздин көңүл чордонубузда болот!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

“Тарыхы болбой, эл болбойт” дейт эмеспи элибизде. 30 кылымдан ашуун байманалуу, дөөлөттүү, сөөлөттүү тарыхыбызды илимпоздорубуз иликтеп, изилдеп, кайсы жер болбосун, архивдик документтер аркылуу тастыктоонун аракетин көрүшүүдө. Ал иш-аракеттер өз нугу менен кетип жатат.

Мен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгонумду билесиздер.

Быйыл ошол жүз жылдык даңазалуу тарыхыбызга таазим кылып, ага салым кошкон ата-бабаларыбыздын эбегейсиз эмгектерин белгилөөнүн алдында турабыз. Быйыл бул 100 жылдык мааракеге байланыштуу өлкөдө 100 ири объектини ачууну мерчемдеп жатабыз. Буюрса тилегибизди ишке ашырып, бабалар баскан даңазалуу жолго сый-урматыбызды көрсөтөбүз.

ХХ кылым да жамы кыргыз журтчулугу үчүн ыйла трагедиялуу окуялар менен башталып, Үркүндөн кийин ар кандай каршылыктар менен кырчылдашкан кармаштарды башынан өткөрүп, кыйла такшалып, интеллектуалдык деңгээли, илим-билими жетилип калган мамлекет түптөөчүлөрүбүздүн көшөргөн аракети менен түзүлгөн Кара-Кыргыз автоном облусу тууралуу жаш муун жакындан жакшы билиши абзел!

Урматтуу мекендештер!

Өткөн тарыхыбызды сыйласак, эртеңки күнүбүз айкын болот. “Ата Мекен – бул бабалардын бизге калтырган мурасы эле эмес, бул келечек ээлеринен карызга алган ыйык жер” деген таамай айтылган кеп бар. Бабалардын каны менен, аталардын жаны менен түптөлгөн эгемендигибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү, элдүүлүгүбүздү эгерим эстен чыгарбашыбыз зарыл! Муну ар бир кыргызстандык акылы менен туюп, жүрөгү менен сезе билиши шарт! Бул үчүн эң ириде жалпы кыргызстандыктардын ынтымагы бекем, биримдиги урагыс болуш керек. Муну мен улустун улуу күнү – бүгүнкү Нооруз майрамында Жараткандан тилек кылам.

Жети акенин улуусу Мойт акенин:
“Ырыс алды – ынтымак,
Ынтымагы бар элдин,
Айсыз кара түндө да,
Асманында күн турат”,
- деген улуу саптарын мисалга таркым келип турат.
Ынтымакты, биримдикти туу туткан көп этностуу өлкөбүзгө кут уяласын.

Сөзүмдүн башында белгилегенимдей, жаратылыш менен баба дыйкандын ажырагыс биримдигин даңазалаган Нооруз майрамында кайсыл тармакта болбосун, талбай иштейли. Маңдай тер акмайын максатка жетүү оңой эмес. Ар бир күнү жылга тете жаз жарыш маалында маңдай тер агыза эмгектенели, эмгегибизден баар тапкандай бололу.

Мынакей түндүгүбүздү күндүн нуру чайган кызыл туубуздун түбүндө биригип, улустун улуу майрамында изги тилек кылып олтурабыз.

Ылайым, ушул жылыбыз ынтымактын, ырыскынын, берекенин, мол түшүмдүн жылы болсун!

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!"

Пикир

Оставить комментарий