• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров ДСУнун Европа регионалдык бюросунун директорун кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 14.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө сапар менен келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюгени кабыл алды.

Тараптар ДСУнун ишмердүүлүгү жана республиканын калкынын ден соолугун чыңдоого багытталган саламаттыкты сактоо тармагындагы мындан аркы кызматташууну улантуу боюнча пикир алмашты.

Президент Кыргызстан Уюмдун ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын жана мындан ары да ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чоң маани берерин баса белгилеп, саламаттык сактоо тармагы мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын айтты.

Садыр Жапаров учурда 2019–2030-жылдар мезгилине багытталган «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасынын ишке ашырылуусу туурасында айтып берди. Программанын максаты – элдин саламаттыгын сактоо, саламаттык сактоо тутумун жана баштапкы медициналык жардам инфратүзүмүн өнүктүрүү.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен саламаттык сактоо секторун реформалоо, медициналык кадрларды даярдоо, эне менен баланын ден соолугун коргоо жана бир катар илдеттерди дарылоо боюнча комплекстүү реформаларды ишке ашыруудагы кызматташтыктын оң тажрыйбасына токтолду.

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо секторун өнүктүрүү жолунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун кыргыз тарап негизги өнөктөш катары көрөрүн өзгөчө белгилеп өттү.

Өз кезегинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан анын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

Ал өлкө жетекчилиги тарабынан саламаттык сактоо тармагына көңүл бурулуп жатканын канааттануу менен белгилеп, өлкөнүн өнүгүү деңгээли адамдык капиталдын өнүгүүсү менен тыгыз байланышта экенин айтты.

Ханс Клюге ДСУ калктын ден соолугун жана бакубат жашоосун жогорулатууга багытталган мамлекеттердин жана коомдордун аракеттерин колдой турганын баса белгилеп, Кыргызстандын калктын саламаттыгын сактоо Программасынын алкагында белгиленген пландарын оң жагынан баалады.

Мындан тышкары, ал санариптештирүү - медицинаны өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү экенин жана ДСУ Кыргызстан менен бул багытта кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору Кыргызстанга 2024-жылы Борбор Азияда ден соолукту жана бакубат жашоону колдоо боюнча Жол картасын ишке ашыруу боюнча 2022-2025-жылдарга төрагалык кылууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий