• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Колдойлу! Бишкектик 11 жаштагы Эмир “Биздин муун” эл аралык сынагына катышууда

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бишкектик 11 жаштагы Эмир Абыкеев Москвада өтүп жаткан “Биздин муун” («Наше поколение») эл аралык телесынагына катышууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Эмир Абыкеев Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин 5-классынын окуучусу.

"Эмир буга чейин дагы музыкалык сынактарга катышып келген. Ал 2020-2021-жылдардагы балдардын вокалдык «Асман Kids» ТВ-долбоорунун финалисти, «Жаш таланттар — 2022» сынагынын «Эстрадалык вокал» номинациясы боюнча гран-принин ээси болгон. Бул жолку сынтакта Эмир Абыкеев кыргыз тилиндеги «Балалык» аттуу ырын сунуштайт. Анда жаштардын таланты менен терең маданий тамырынын кайталангыс айкалышы көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 16-ноябрдан 18-ноябрга чейин коомчулук Эмирди колдоп, сайттагы онлайн-добуш берүүгө катыша алат www.ourgeneration.tv. Сынактын жеңүүчүсүн калыстар тобу, концерттик залдагы көрүүчүлөр, ошондой эле онлайн платформа аркылуу берилген добуштар аныктайт.

Маалымат үчүн: «Наше поколение» балдар автордук ырларынын эл аралык сынагы Россиядагы «Балдар Евровидениесинин» аналогу болуп саналат. Сынакка 13 өлкөнүн - Азербайжан, Армения, Бразилия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Маврикий, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Африка Республикасынын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий