• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров эртең олимпиада катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Президент 0

Бишкек, 22.08.21. /Кабар/. Эртең, 23-августта, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир саат 09.55те башталат.

Пикир

Оставить комментарий