• 88.68
  • 95
  • 0.95

16-17-ноябрда Бишкекте КМШ ПААнын сессиясына байланыштуу жолдор жабылат

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. 16-17-ноябрда Чүй облусу жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү Бишкекте шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын иш-чаралары өтөт.

Буга байланыштуу Чүй облусунун жана Бишкек шарынын төмөнкү көчөлөрүнө маал-маалы менен чектоолер киргизилип турат:

- "Манас" аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч. Айтматов көчөлөрү түштүктү карай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Медеров көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн тартып, Б. Юнисалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү.

"Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жоэктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жук талуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", - деп айтылат ЖКККББнын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий