• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кандайдыр бир табигый кубулуштун кесепеттерине кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий