• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэри өрт чыккан кампанын ээлерине уруксат берген адамдарга укуктук баа берүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев күйүүчү майлар сакталган кампадагы өрттүн чыгышына алып келген жагдайларды тактоо боюнча чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жыйынтыгында мэр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жана Биринчи май райондук прокуратурасына аталган кампанын ээси болгон «Триумф клуб» ЖЧКсына уруксат кагазын берген адамдарга юридикалык баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Бишкек шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына жана Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча өрткө каршы инспекциясына өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген чарбакер субъекттердин реестрин даярдоо тапшырмасы берилди.

Эске салсак, бүгүн, 21-декабрда эртең менен Биринчи май районунун Темирязев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган кампадан ири өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий