• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлиги балдарды коргоо боюнча 2635 жеке план иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги балдарды коргоо боюнча 2635 жеке план иштеп чыкты, деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык,бүгүн, 21-декабрда КР эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, анын ичинде жашы жете электердин пробациясынын кардарларын ресоциалдаштыруу боюнча ведомстволор аралык кызматташууну бекемдөөгө арналган семинарга катышты.

Жаңыл Алыбаева семинардын катышуучуларына кайрылып, учурда министрликтин маалыматы боюнча 2021-жылдын 9 айында турмуштук оор кырдаалда турган 4533 бала аныкталып, алар үчүн балдарды коргоонун 2635 жеке планы түзүлгөнүн белгиледи. Ал ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды реабилитациялоо борборлорун түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Иш-чарага укук коргоо органдарынын, аталган багытта иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да катышты.

Пикир

Оставить комментарий