• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүндөн тарта Бишкекте кайгуул жүргүзүү күчөтүлөт – Бишкек шаарынын коменданты

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкекте кайгуул жүргүзүү күчөтүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Орозалиев, жарандарды үйдө болууга, сыртка үч себеп менен гана – дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн чыгууга

"Кайгуул кызматкерлери санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга карата чара көрүшөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий