• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санитардык нормаларды камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жок мектептер аралыктан окутууну улантышы зарыл - Акматова

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Санитардык нормаларды камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жок мектептер аралыктан окутууну улантышы зарыл. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айынын башына салыштырмалуу коронавирус илдетинин жаңы катталган учурлары көбөйүп жатат. "Түштүк регионунда өсүү байкалууда. Бул Саламаттык сактоо министрлигинин гана эмес, жалпы калктын да санитардык талаптарды сактоо боюнча тынчсыздануусун пайда кылышы керек: социалдык аралыкты сактоо, беткап режими, адамдар көп чогулган жерлерден качуу”, - деп билдирди Акматова.

Ал вирус аба-тамчы жолу менен берилип, бир нече сааттын ичинде эле бөлмөдө болуп, жуктуруп алуу тобокелдиги жогорулатылгандыгын эске салды. Ошол эле учурда, азыр сасык тумоо жана КРВИ сезону байкалууда. Санитардык эрежелерди сактоо жана сергек жашоо образын алып баруу маанилүү экендигин айтты.

"Мектептерде окуу процессин калыбына келтирүү жөнүндө маселе көтөрүлүп, Республикалык штабдын жыйынында каралган. 2-6-класстарды кадимки тартипте окутууну кайра баштоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мектептерге санитардык-гигиеналык талаптар иштелип чыкты. Мында, тийиштүү шарттарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, оффлайн режимде физика-математикалык сабактарды гана өткөрүү сунушталат, ал эми гуманитардык багыттагы сабактар аралыктан окутуу формасында улантылат", - дейт коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы.

Ал, ошондой эле сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйгөн кезде, окуу жайларында температуралык тартипти сактоо зарылдыгын белгиледи. Эгерде талап сакталбаса, салттуу түрдө окутуу процесси башталбашы керек.

Пикир

Оставить комментарий