• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан кезектеги адам аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан кезектеги адам аныкталды, - деп билдирет КР Улуттук коопсузбук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-мартында УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында жалган маалымат тараткан Чүй облусуна караштуу Ивановка айылынын 1967-жылы туулган Маинкуй Ибрагим аттуу тургуну аныкталган.

"И.Маинкуй медициналык кызматкерлер дезинфекция жүргүзүп жаткан учурду видеого тартып, туура эмес комментарий менен маалымат таратып жиберген. Ал жаран менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. И.Маинкуйдун аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий