• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мартта кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтөт

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Кыргызстандыктар 8-март (жума) Эл аралык аялдар күнүнө карата эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Мекемеден белгилешкендей, 8-март расмий дем алыш күнү болгондуктан 7-март кыскартылган иш күнү болуп белгиленген. Ошентип кыргызстандыктар үч күн катары менен 8-9-10-март күндөрү эс алат.

Андан сырткары, 21-март — Нооруз майрамы бейшемби күнгө туш келгендиктен министрлер кабинети 22-мартты дем алыш күнү деп жарыялаган.

Ал эми 22-марттагы иш күнү 8-апрелге (дүйшөмбү) жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий