• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Жеке менчик лабораториялар калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын 50% чейин төмөндөттү

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Жеке менчик лабораторияларда калкка көрсөтүлүүчү лабораториялык кызматтардын баасы төмөндөтүлүүдө, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК карапайым калк үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ири жеке менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жолугушууларды өткөрдү.

Аталган иш-чаралардын алкагында калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында 30%га чейин төмөндөтүүгө жетишилди. Алар:

  • "Интелмед" ("Бонецкийдин лабораториясы");
  • "Аквалаб";
  • "Евролаб";
  • "Гемотест";
  • "Экспресс-Плюс";
  • "Медикана";
  • "Лазмед клиникасы";
  • "Гуман";
  • "Интер-Лаб" ("Инвитро");
  • "Интермедикал";
  • "Фарватер".

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр кызматтардын баасын 15%га чейин төмөндөттү. Алар:

  • "Юни-Хелп";
  • "Лаб-Сервис";
  • "Кокомерен";
  • "Юрфа";
  • "Эль-Фарм";
  • "Медикс-Элес";
  • “Медцентр.кж”;
  • “Би-Хелс-Фарм";
  • "Эрай-Фарм";
  • "Фарватер";
  • "Мээр-Чөп";
  • "Мирамед жана Ко";
  • "БиЛайв";
  • "Медитэк";
  • "Меди-Прогресс";
  • "Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар.

Мындан тышкары, "Юрфа" ЖЧКнын жетекчилиги "Текшерүү томографиясынан" өтүү кызматын 20%га төмөндөттү.

"“Томографиядан өтүү" кызматынын баасын төмөндөтүү боюнча ушундай эле иш-чаралар калган жеке медициналык мекемелер менен да жүргүзүлмөкчү", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Муну менен катар, лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин, ошондой эле республика боюнча кабыл алуу пункттарынын эң көп санын эске алуу менен "Интелмед" - "Бонецкий лабораториясы" ЖЧКсы менен мамлекеттик медициналык мекемелерден дарыгерлердин жолдомосу боюнча келген бейтаптарга 50%га чейин жеңилдетилген кызматтарды көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

КР УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий