• 88.68
  • 95
  • 0.95

Араван районунда 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Араван районунда 9 жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоо-Моюн айылындагы "Кызыл-Талаа" мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган.

"Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: негизги класстардан сырткары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, дарылоо кабинети, китепкана, ашкана жана концерттик зал.

Пикир

Оставить комментарий