• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мэр Мамбетов Ош шаарындагы парктардын абалын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаадагы сейил бактардын абалын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаз мезгилине жана май айындагы майрамдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу шаардыктарга, конокторго шарт түзүү максатында парктардын даярдыгын көрүп чыкты.

Мэр эң башкы маселе болгон сейил бактардагы аттракциондордун коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

Аны менен катар май майрамдарында эс алуучулардын көңүлүн көтөрүү, майрамдык маанай тартуулоо үчүн ар кандай иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча мэриянын маданият бөлүмүнө, спорт, жаштар комитеттерине тапшырмалар коюлду.

Шаардык ички иштер башкармалыгына эс алуучу жайлардагы коопсуздукту сактоо, урдоо-тоноо сыяктуу кылмыштардын алдын алуу багытында иштерди күчөтүү керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий