• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто шаар мэринин кубогу үчүн “Көңүлдүү жигиттер” КВН турнири өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.08.22./Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы парктын жайкы театрынын базасында шаар мэринин кубогу үчүн “Көңүлдүү жигиттер” КВН турнири өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Турнирге 7 команда, тагыраагы Өзбекстандан 3 КВН командасы, Казакстандан 1 команда жана Баткен, Бишкек, Ош шаарларынын командалары катышты.

Турнирдин ачылыш аземи менен жалпы катышуучуларды Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий