• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Жабыркагандардын 27,6 млн сом насыясы жоюлду

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. 15-декабрга карата Тажикстандын кол салуусунан улам жабыркаган Баткен жана Ош облусунун жашоочуларынын 27,6 млн сом суммасында 344 насыясы жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2,8 млн сом суммасында 204 кредит реструктуризацияланган.

Жалпысынан финансы-кредит уюмдарындагы насыясын жоюу өтүнүчү менен 487 карыз алуучу кайрылган.

Белгиленгендей, учурда финансы-кредит уюмдары жабыркаган карыз алуучулардын бардык арыздарын карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий