• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмилбек Жусупов мандатын тапшырып, ордуна Советбек Рустамбек уулу депутат болуп келди

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин “Ишеним” парламенттик фракциясынан депутат Эмилбек Жусуповдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Мындай чечим 22-апрелде Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан Эмилбек Жусуповдун жеке арызынын негизинде кабыл алынды.

Анын ордуна БШК “Алыш” улуттук бел боо күрөшү федерациясынын вице-президенти Советбек Рустамбек уулун депутат катары каттады.

Пикир

Оставить комментарий