• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропорту менен Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койду

Коом 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы менен Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Келишимге «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана Wizz Air Abu Dhabi компаниясынын башкаруучу директору Йохан Эйдхаген кол койду.

Иш-чарага ошондой эле эки компаниянын тең жетекчилери катышты.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, авиакомпаниянын «Манас» аэропортунан учуулардын келечектүү программасы жарыяланды.

Өнөктөштүктүн башкы максаты — Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү болуп саналат, бул эки өлкөнүн ортосундагы туризмди кеңири өнүктүрүүгө жол ачып жана дипломатиялык өз ара мамилелерди бекемдейт.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби багыты боюнча эки өлкөнүн борборлорун байланыштырган жаңы каттам ачууну пландаштырууда. Каттам Airbus Neo 321 учактары менен жумасына 3 жолу - шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Ошондой эле жакынкы арада Абу-Даби — Ош — Абу-Даби каттамы боюнча авиакаттам ачуу пландалууда.

«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов өз сөзүндө: «Бул келишимге кол коюу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өнүгүү тарыхындагы маанилүү учур болуп санала тургандыгын белгиледи. Кыргызстандын башкы аэропортунун транспорттук түйүнүнүн масштабын кеңейтүү боюнча дагы бир кадам жасалды. Wizz Air Abu Dhabi менен биздин өнөктөштүгүбүз учуу географиясы жагынан да учактардын саны жагынан да кеңейет деп ишенем. «MЭА» ААК аэропортторунда жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана өнүгүүсү үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Ал эми аэропорттордун инфраструктурасы жана өндүрүштүк ресурстары авиакомпаниянын учууларын натыйжалуу тейлөөгө мүмкүндүк берет».

Башкаруучу директор Йохан Эйдхаген мындай деп белгиледи: «Биз Бишкек менен Абу-Дабинин ортосундагы аба кыймылы боюнча сунуштама бергендигибизге абдан кубанычтабыз. Саякатчылар 49,99 евро менен эки борбор шаардын ортосунда жаңы авиакаттамдардын кызматын көрө алышат. Биз бардык курактагы саякатчылар үчүн арзан баада саякаттоонун ар кандай түрүн сунуштоого аракет кылабыз, ал эми Кыргызстандын ажайып жаратылышынын кооздугун сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес».

БАЭде жайгашкан Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Египет, Казакстан, Иордания, Түркия, Греция, Азербайжан, Сербия, Сауд Арабиясы, Кувейт, Грузия, Бахрейн, Мальдив аралдары, Оман, Өзбекстан, Босния, Израиль, Албания, Армения жана башка өлкөлөргө саякаттоо үчүн жеткиликтүү тарифтерди сунуштайт.

Жүргүнчүлөр билеттерди WIZZ Flex аркылуу брондой алышат, ошондой эле билеттерди учууга 3 саат калганга чейин эч кандай жыйымсыз кайтарып, билеттин баасынын 100% ала алышат.

Маалымат катары:

Wizz Air Abu Dhabi – бул ADQ биргелешкен ишканасы, Абу-Дабинин диверсификацияланган экономикасынын негизги секторлорун камтыган эң ири холдингдик компаниялардын бири жана Wizz Air Holdings Plc Airbus A320 жана A321 сыяктуу 153 учак паркын башкарган Европанын эң тез өнүгүп жаткан жана туруктуу авиакомпания болуп саналат. Компания жакында airlineratings.com тарабынан дүйнөдөгү эң коопсуз авиакомпаниялардын ондугуна кирген, ошондой эле Wizz Air авиакомпаниясы World Finance Sustainability Awards 2022де “Эң туруктуу бюджеттик авиакомпания” деп аталган.

Пикир

Оставить комментарий