• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги «Ынтымак-2» сейил багында 80 түп карагай отургузулду

Коом 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча алты айлыктын алкагында Бишкектеги “Ынтымак-2” сейил багына ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 80 жаш карагайды борборго «Jubeliee» камсыздандыруу уюму тартуулады.

“Муниципиалдык мастерлер жана агрономдор уюмдун кызматкерлерин зарыл болгон бардык буюмдар менен камсыз кылышты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы жарандардан өсүмдүктөргө аяр мамиле жасап, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранат.

Маалымат үчүн: Ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн өкүлү катары, карагай жылдын бардык убагында жашыл жана кооз, ошондой эле абага жакшы таасир этет.

Бул ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдө козу карындарды жана бактерияларды өлтүрүүчү фитонциддер жана эфир майлары көп. Алар кычкылтек менен кычкылданат жана дем алуу, нерв системасы жана иммунитет үчүн пайдалуу озонду бөлүп чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий