• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайда соттолгон үч кыргыз жаранын экстрадициялоо багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Кытайда соттолгон үч кыргыз жаранын экстрадициялоо багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов "Парламент" радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, 1782 кыргыз жараны башка өлкөлөрдө соттолуп, камакка алынган. 2018-жылы Кыргызстанга 124 жаран экстрадицияланган.

Миграциялык агымдагы мекендештерибиздин укук бузууларга кабылып калган жагдайлары боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын айткан Башкы прокурор, - экстрадициялоо боюнча конвенциялардын негизинде кызматташуулар болуп жатат.

"Соңку жылдары эле 125 кайрылуунун 124 канааттандырылды. Жакынкы аралыкта Кытайдан дагы үч кишини алып келүү багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий