• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кечээ, 22-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу комиссиясынын 2021-2022-жылдарына күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча жыйыны өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын министрликтери жана мекемелерлеринин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып тийиштүү тармактар боюнча баяндамаларын беришти.

Аталган жыйындын негизги максаты 2021-2022-жылдардын кыш мезгилинде мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары болуп саналат:

- кыш мезгилинде республиканын стратегиялык маанидеги унаа жолдорунда мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иш-чаралары жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо маселеси;

- кар көчкү коркунучтарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, кар көчкү коркунучу бар тилкелерде коопсуздукту сактоо маселеси;

- республиканын аймагында кышкы өрт кооптуу мезгилинде өрт коопсуздугун камсыздоо маселелери.

2021-2022-жылдардагы кыш мезгилине республиканын стратегиялык маанидеги унаа жолдорунун бийик тоолуу тилкелеринде, ашууларда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында, транспорт, коомдук тартипти сактоо, медицина кызматтарын кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалыматтар угулду.

Жыйынтыгында өлкөдөгү стратегиялык жолдордо кыш мезгилдеринде калктын коопсуздугун сактоо багытында бардык чаралар аткарылууга тийиш экендиги баса белгиленди жана тиешелүү жыйындын протоколуна кол коюлду.

Жыйын Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий