• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри жарандарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кечээ, 22-октябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрликтин "Коомдук кабылдамасы" аркылуу жолугушууга жазылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу учурунда Кудайберген Базарбаев жарандардын суроо -талаптарын жана көйгөйлөрүн укту.

Жеринде министр кээ бир койгойлорду чечип берди, ошондой эле жарандардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн тиешелүү органдардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Кудайберген Базарбаев кайрылгандардын баарына деталдуу жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берди, жарандар министрдин жообуна канааттанды жана активдүү иши жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий