• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Жакында Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын келүүсү күтүлүүдө – Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. 27-октябрда Кыргызстанга Pfizer BioNTech вакцинасынын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 22-октябрда Республикалык иммунопрофилактика борборуна барганда билдирди.

Анда министр вакциналарды сактоонун жана колдонуунун шарттарын текшерип, кызматкерлердин Pfizer BioNTech вакцинасын кабыл алууга даярдыгы менен таанышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиргендей, андан тышкары СOVAX эле аралык механизми аркылуу алынган 4 төмөнкү температурадагы муздаткычтын техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле министр республикалык маанидеги башка жалпы саламаттык сактоо уюмдарында болуп, жамаат менен маектешип, алардын көйгөйлөрүн укту. Министр Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчилерине ПЧР-лабораторияларынын абалына жана иштөө шарттарына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

“Биз сезондук вирустук оорулардын, анын ичинде коронавирустук инфекциянын эпидемиологиялык өсүшүнө даяр болушубуз керек. Буга байланыштуу учурда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык бөлүмдөрүн кеңейтүү каралууда. ПЧР изилдөөлөрүндө узун кезектерди болтурбоо үчүн биз керектүү каражаттардын жана жабдуулардын запасын дайыма толуктап турабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий