• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдү тазалоонун 142-күнү. 13 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Коом 0


Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөн 142 күндүн ичинде 13 тонна 561 кг таштанды жана 98 миң 450 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, суучулдар көлдүн түбүн таштандылардан арылтуу ишин улантууда.

Сентябрь айынын алгачкы күндөрү Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы, Кош-Көл айылдарында жайгашкан пансионаттардын жана эс алуучу жайлардын тушундагы көл түбү тазаланды: "Кооператор", “Учкун" мейманканасы, "Артек”, “Алтын-Тамчы”, “Жемчужина”, “Акылман", "Байсан”, “Голубая-Бухта”.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий