• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Интернетте таратылган аудио жазуулар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) социалдык тармактарда айрым саясатчылардын президенттикке талапкерлердин жана алардын жактоочуларынын 2021-жылдагы революцияны уюштуруу боюнча жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында президенттик шайлоо менен референдумдан кийин массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө диалогдорунун аудио жазууларын жайылтуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар соттук-фоноскопиялык жана филологиялык экспертизага жөнөтүлөт.

Жогоруда айтылган экспертизалардын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга үндөгөн тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, КР кылмыш-жаза кодексинин негизинде бийликти күч менен басыпп алууга багытталган аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.

Буга байланыштуу УКМК жарандарды социалдык тармактарда жана Интернетте чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана мүмкүн болгон фактыларды укук коргоо органдарына кабарлоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий