• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанга Россиядан өрт өчүрүүчү жаңы унаалар келди. Сүрөт

Коом 0


Бишкек, 28.02.23./Кабар/. Кыргызстанга Россиядан жардам иретинде 40 даана өрт өчүрүүчү жаңы унаалар келди.

КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы техникаларды кабыл алуу аземи эртең, 1-мартта Бишкектеги Эски аянтта өтөт.

Салтанаттуу иш-чарага карата ӨКМдин өздүк курамы кызуу даярдык көрүүдө.

"Гранттык негизде өлкөгө алып келинген техникалар боюнча Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путиндин буга чейин өткөн эки тараптуу жолугушуусунда макулдашылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий