• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында куткаруучулар алтын кенде иштеген жумушчунун сөөгүн муздун астынан алып чыгышты

Кырсык 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Нарында куткаруучулар алтын кенде иштеген кызматкердин сөөгүн муздун астынан алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен.

Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук ӨК бөлүмүнүн суучул-куткаруучусу жана куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин аткарышты.

Алардын тынымсыз аракетинен соң 7-апрелде саат 09:12де жогоруда аталган жарандын сөөгү муздун астынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий