• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Франция президентинин кеңешчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франция президентинин кеңешчиси Изабель Дюмон менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Кызматташтыкты мындан ары активдештирүү максатында министр Кулубаев жигердүү саясий байланыштарды колдоо, өз ара соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, эки тарапты кызыктырган түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маанилүү экенин белгиледи.

Министр Ж.Кулубаев өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын келечегине токтолуп, бул багыттагы долбоорлорго франциялык инвесторлорду жана адистерди тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тараптар "Electricité de France" компаниясы менен долбоорлор боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Тараптар ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий