• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ОшТУда айымдарды 8-март майрамы менен куттукташты

Аймак 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. ОшТУда айымдарды 8-март Эл аралык аялдар күнү менен куттукташты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, ОшТУнун ректору профессор Абдыкадыр Абидов жалпы кыргызстандык жана аталган окуу жайда эмгектенген айымдарды Аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктады.

"Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар. Аялзаты – бул биринчиден Эне! Жаз майрамы алдында Энелерибизге, бизге жашоо тартуулагандыгы, төккөн мээрими үчүн башыбызды ийебиз. Энелердин сабырдуулугуна, камкордугуна жана балага болгон чексиз сүйүүсүнө ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, сиздерге, чексиз бакыт, үй-бүлөлүк бейпилдик жана чын ден-соолук, узак өмүр тилейм"- деди куттуктоосунда А.Абидов.

Пикир

Оставить комментарий