• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУ Борбор Азиядагы санариптик борборго айланат

Аймак 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. "Интернет коомунун кыргыз бөлүмү” коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов баштаган делегация ОшМУда болду. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Жолугушууда ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, ОшМУ менен "Интернет коомунун кыргыз бөлүмү” коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Меморандумга ылайык ОшМУ Борбор Азиядагы санариптик борборго айланат. Ал үчүн биринчи кадамда ОшМУнун базасында интернет алмашуу жабдуусу (коммунтатор) орнотулат.

“Бул жабдуу колдонууга берилгенде Оштогу иштеп жаткан интернет провайдерлер жана билим берүү мекемелери чогуу кызматташып башташат. ОшМУдагы жабдуунун алкагында Ош облусунун, Ош шаарынын ичинде интернеттин сапаты жогорулап, баасы да бир топ арзандайт. Келечекте Борбор Азияда бул иштер санариптик багытта өзүнүн жардамын тийгизет. Анткени мындай интернет алмашуу пункттары Борбор Азияда көп эмес, алардын көпчүлүгү коммерциялык багытта, ал эми ОшМУ менен жасалып жаткан иштер коммерциялык эмес багытта ишке ашат”,-деди "Интернет коомунун кыргыз бөлүмү” коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университет учурда “Өзгөчө статус” алган окуу жай катары жаңы демилгелерди колдоого ачык экендигин белгиледи. Ошондой эле окуу жайда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү багытындагы иштер, долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Меморандумдун алкагында ОшМУнун базасында компьютердик жана санариптик сабаттуулук боюнча тренерлер даярдалат. Даярдалган тренерлер Ош облусунун аймагындагы айыл жерлеринде билимдери менен бөлүшүп, санариптик экономикага салымдарын кошушат.

Күндүн экинчи бөлүгүндө меморандумдун алкагында коомдук бирикменин IT адистери, студенттер жана профессордук-окутуучулук курам менен жолугушат. Жолугушууда "Интернет коомунун кыргыз бөлүмү” коомдук бирикмесинин ишмердиги, меморандумдун максаты жана компьютердик сабаттуулук, санариптик сабаттуулук боюнча окуу материалдары, ошондой эле Python программалоо курсу боюнча маалыматтар берилет.

Бул кызматташтыктар калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатат жана Кыргызстандын түштүк аймагынын интернет байланыш, техникалык туруктуулугун жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий