• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 30 аял грант алып, ишкердигин баштады

Аймак 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Чек арада жайгашкан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14 аял тигүүчүлүк боюнча, 1 аял мототакси кызматын уюштуруу, 2 аял малина өстүрүү, 2 аял азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 аял кондитердик азыктарды даярдоо, 3 аял сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен алектенип жатышат.

Аялдардын ишкердиги “Баарлашуу, ишеним, укук” Коомдук Бирикмеси тарабынан колдоого алынып, жалпы 2 млн 610 миң сомдук грант берилген.

Аталган бирикме бул иш-аракетти Баткен облусунун чек ара аймактарында чыр-чатактан кийинки калыбына келтирүүгө жана тынчтык орнотууга аялдардын катышуусун күчөтүүгө багытталган “Аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында ишке ашырды.

Долбоор Баткен облусунун чек ара аймактарындагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, аялдардын лидерлигине үйрөтүү, бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу жана баштоо, ошондой эле жергиликтүү тынчтык демилгелерин көтөрүүгө багытталган.

Долбоордун алкагында мындан сырткары, төмөнкү 4 социалдык демилге колдоого алынды:

  • Миң-Өрүк айылындагы “Гүлжамал” балдар бакчасынын тамак аш азыктары үчүн жабдууларды сатып берүү,
  • Ак-Татыр айылына аялдар үчүн тренажерлорду сатып алуу,
  • Самаркандек айыл аймагында - аялдар үчүн фитнес залына жабдууларды сатып берүү
  • Кара-Бак айылында балдар аянтчасына жабдууларды сатып берүү демилгелери ишке ашты.

Ошондой эле чек арадагы окуяда жабыркаган Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймагындагы 319 балага, жалпы суммасы 1 млн 87 миң 500 сомду түзгөн жылуу кийимдер берилди.

Аталган долбоордун алкагында бүгүн 7-февралда жыйынтыктоочу тегерек стол өттү. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышып, элеттик аялдардын өзүн өзү өнүктүрүүсүнө түрткү болгон окутуулар, моралдык жана материалдык колдоолор, алардын турмуш шартын жакшыртуу менен, аймактын өнүгүүсүнө катышуусуна зор өбөлгө болорун белгилеп, долбоордун жетекчилигине облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин ыраазычылык катын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий