• 88.68
  • 95
  • 0.95

23 адам кырсыкка учурап, экөө каза болду. Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 3-августта саат 07:40та болгон.

Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. "Жалпы 23 адам кырсыкка учурап, үчөө Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Ал эми эки жүргүнчү жеринде каза болгон, алардын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий