• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Жугуштуу оорулар ооруканасында 45 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19дан 45 адам дарыланууда. Бул тууралуу амбулатордук диагностикалык бөлүмдүн жетекчиси Нургүл Молдалиева билдирди.

Дарыгердин айтымында, алардын арасында 39у чоңдор, алтоосу балдар.

Молдалиева 83 жашка чейинки чоңдор жана 4 айлык наристе ооруканага түшкөнүн белгиледи.

“Азыр коронавирус инфекциясынын формасы өтө оор эмес. Эгер бейтаптын абалы оор болсо, мисалы төмөнкү сатурация, пневмония, дем алуунун кыйындашы, интоксикация, туруктуу жогорку температура болсо биз көрсөтмөлөр боюнча ооруканага жаткырабыз. Эгер оору жеңил болсо, анда бейтап амбулатордук дарыланат”, - деди дарыгер.

Мындан тышкары, Нургүл Молдалиева өлкөдө маймыл чечегин жугузуп алган учур катталбаганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий