• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна таш түштү. Каттам жабык

Кырсык 0


Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-августта саат 18:45 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 51-чакырымында болжол менен 10-15 куб метр таш түшкөн.

Учурда унаа жол жабык, жабыркагандар жок. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылып, түшкөн таштын көлөмү чоң болгонуна байланыштуу техниканын кубаттуулук күчү жеткен эмес.

Бүгүн, 3-августта жолго түшкөн ташты жардыруу жолу менен тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий