• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөдөн чыгууга тыюу салынган кыргызстандык Казакстанга кетүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. “Акжол-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында чек ара кызматкерлери башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга кетүүгө аракет кылган КР жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, 1976-жылы туулган З.Н., аттуу жаран паспорт текшерүү маалында 1970-жылкы К.Н., аттуу жаранга таандык болгон паспортту көрсөткөн.

Документтерди дыкат текшерүү маалында документ ага тиешелүү эмес экендиги жана ал өзүн шектүү алып жүргөндүгү аныкталган.

Сурамжылоо маалында ал башка бирөөнүн паспортун көрсөткөндүгүн жана ага укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынгандыгын айткан.

Бардык тиешелүү документтер чогултулган соң, З.Н., аттуу жаран КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий