• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Орто-Сай базарын атайылап өрттөдү деген шек менен бир адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Бишкектеги Орто-Сай базарын атайылап өрттөдү деген шек менен бир адам кармалды.

Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 2020-жылдын 9-ноябрында болжол менен саат 00:25те "102" кызматына Орто-Сай базарынын аймагында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда дүкөн, тез татым жана тигүүчү цех жайгашкан эки кабаттуу имараттын ичинен өрт чыкканы аныкталган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 210-беренеси ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн соттук-өрттүк-техникалык экспертиза дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Октябрь райондук милициясы тарабынан окуяга шектүү катары 41 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий