• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте 18 жаштагы жигит BMW 520 автоунаасын айдап качууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Бишкекте 18 жаштагы жигит BMW 520 автоунаасын айдап качууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-октябрда болжол менен саат 23:14тө милицияга Арча-Бешик жаңы конушунун Э. Айылчиев көчөсүнөн автоунаа уурдалды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1998-жылы туулган Б.Б., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында болжол менен саат 11:36 чамасында BMW 520 үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнүн жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз жарандар мыйзамсыз айдап кетишкендигин билдирген.

Аталган факт боюнча издеп табуу иштери жүргүзүлүп, Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен автоунааны айдап качууга шектелген жаран кармалган.

Ал 2003-жылы туулган Ш.Б., аттуу жаран болуп чыккан, шектүү Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий