• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абадда “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” кароо-сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кароо-сынакка Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасадыков жана бала бакча кызматкерлери катышты.

Анда №17 “Каакым” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Динара Калбердиева “Жалал-Абад шаарынын мыкты тарбиячысы-2021” кароо-сынагынын жеңүүчүсү деп табылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошууну тарабынан 10 күнгө Ыссык-Көлгө жолдомо берилди. Ошондой эле калган тарбиячыларга да диплом жана атайын белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, сынакка шаар боюнча 23 бала бакчадан 6 тарбиячы катышты.

Пикир

Оставить комментарий