• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда жетим балдарга турак жай берүүнүн тартиби аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү "Жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды турак жай менен камсыз кылуу тартиби тууралуу" жобону бекитти. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги кабарлады.

Документке ылайык, балдар окуу-тарбиялык мекемелерди бүтүп кетерге бир жыл калганда райондук акимчилик аларды турак жайга муктаж жарандардын "онлайн-кезегине" киргизиши керек.

Балдар 18 жашка толгондо аларга көп кабаттуу үйлөрдөн 25 чарчы метрлик бир бөлмөлүү батирлер берилет. Эгер жетим балдар менен ата-энесинин камкордугусуз калган балдар баш кошсо, аларга 50 чарчы метрлик эки бөлмөлүү батир берилиши керек. Ошол эле маалда алар берилген үйлөрдү 30 жашка чыкканга чейин сата алышпайт.

Белгиленген тартипке ылайык, үйлөрдү райондук акимчиликтер бөлүп беришет. Аларда жашоо үчүн бардык шарттар болушу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий