• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан Тажикстандын аймагы аркылуу Кытайга автотранспорт транзитин активдештирет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Өзбек бийлиги Тажикстандын аймагы аркылуу Кытайга автотранспорт каттамдарын жандантууга ниеттенүүдө. РИА Новости агенттиги билдиргендей, тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

«Өзбекстандын транспорт тармагынын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча чаралардын тизмеси бекитилди. Пилоттуу негизде Өзбекстан — Тажикстан — Кытай багыты боюнча автожүрүш уюштурулат», — деп жазылган мамлекет башчынын токтомунда.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин өкүлү билдиргендей, учурда аталган автожүрүштүн каттамы иштелип чыгууда. «Бул автожүрүш Өзбекстан менен Тажикстандан Кытайга жүктү түз жеткирүүнүн мүмкүндүктөрүн так көрсөтүшү керек», — деди ал.

Токтомдо мындан тышкары Ташкент облусундагы «Камчик» ашуусу аркылуу өткөн оор салмактагы жана ири көлөмдөгү транспорт каражаттарынын санын азайтып, аларды Тажикстандын аймагы аркылуу өтө турган транспорт коридорлорунда жүргүзүү чаралары дагы каралган.

Пикир

Оставить комментарий