• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда жогорку окуу жай мугалимдеринин айлыгы жогорулайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. 1-августтан тарта Өзбекстанда Илимдер академиясынын башкармалык аппаратынын жумушчуларынын айлыгы эки эсеге жогорулайт. Бул тууралуу Norma.uz басылмасы өлкө президентинин тиешелүү токтомуна таянып жазды.

Андан тышкары 1-сентябрдан тарта жогорку окуу жайлардын илимий-изилдөө мекемелеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын маянасы орточо эсеп менен 25% көбөйөт.

Ошондой эле ээлеген кызматына жана илимий ишмердүүлүгүнүн багытына жараша илимий-изилдөө мекемелердин инженердик-техникалык кызматкерлеринин айлыктары 30 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулатылат.

Аны менен катар жогоруда аталган бардык категориялар боюнча маяналар 2019-жылдын 1-январынан тарта 20%, 2019-жылдын 1-июлунан 25% көбөйөт.

Пикир

Оставить комментарий