• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан инсулин өндүрүү боюнча дагы бир завод курууну пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү өлкөдө инсулин өндүрө турган дагы бир ири завод куруу планы бар экенин билдирди.

Ташкент облустук акимчилигинин маалыматына караганда, инсулин өндүрүү боюнча долбоорду Өзбекстандын ZUMA-PHARMA жана Россиянын "Герофарм" компаниялары биргеликте ишке ашырууда.

Февраль айында Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министрлиги менен Россиянын биотехнологиялык "Герофарм" компаниясынын ортосунда инсулин өндүрүү долбоорун иштеп чыгууну баштоо тууралуу макулдашууга кол коюлган.

Апрелдин аягында өткөн "Иннопром. Борбор Азия" деп аталган өнөр жай көргөзмөсүндө ZUMA-PHARMA жана "Герофарм" компаниялары инсулин өндүрүү боюнча келишимге кол койгону кабарланган.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда заводду курууга даярдыктар көрүлүүдө. Бирок азырынча завод кайсыл жерге жана качан курулары, ал канча продукция чыгарып, аны бейтаптар качан колдоно баштай турганы жөнүндө эч кандай маалымат жок.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө кант диабети менен ооруган 245 миңден ашык жаран бар. Мамлекеттик программанын алкагында аларга инсулин бекер берилет.

Пикир

Оставить комментарий