• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда абактагы тополоңдо каза болгондордун сөөгү жерге берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. 20-майга караган түнү Тажикстандын Вахдат шаарындагы түзөтүү абагында чыккан тополоң маалында каза болгондордун сөөктөрү жерге берилди. Анда жалпысынан 32 киши — 29 соттолуучу жана эки абак кызматкери өлгөн.

Вахдат шаарындагы колонияда бир жыл иштеген майор Абдужабор Халимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Хатлон облусунда болду. Маркумдун атасы Абдукарим Халимов уулунун денесинде бычактан алган жаракаттары бар экенин билдирди. «Мен аны менен бир жума мурда сүйлөшкөм. Эмнегедир ал бир нерсеге тынчсызданып, жумушун алмаштыргысы келип жатканын айткан», — деди ал.

Тополоң маалында каза болгон камактагы активист Саттор Каримовдун (Махсум Саттор) сөөгү 20-майда күндүн экинчи жарымында Душанбеде жерге берилди. Бийлик аны түрмөдө тополоң чыгарган «Ислам мамлекети» радикал уюмунун мүчөлөрү өлтүрүшкөнүн билдирген.

Өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын активисти Саттор Каримов (Махсум Саттор) 2015-жылы кармалып, 28 жылга эркинен ажыратылган. 2015-жылы сентябрда ишке ашпай калган козголоңдон кийин бул партия өлкөдө террористтик деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна кошулуп кеткен тажик милициясынын атайын бөлүгүнүн мурдагы командири Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз Гулмуроддун сөөгү Варзоб районунда жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга туугандары катышпаганы кабарланууда.

Тажик бийлиги тополоңду тыюу салынган террордук жана экстремисттик уюмдардын, анын ичинде «Ислам мамлекети» радикал тобунун мүчөлөрү уюштурганын билдирди. Анда камактагы 29 адам жана абактын үч кызматкери каза болгон.

Жарым жыл мурда Хужанддагы абактардын биринде дагы тополоң чыгып, 20дан ашык адам өлгөн.

Пикир

Оставить комментарий