• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда доллар менен кошо азык-түлүк кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Өзбекстанда доллардын баасы кымбаттоодо. Марттын башында 1 АКШ доллары 10 500 сум болсо, эки аптадан кийин 11 200 сумга жетти.

Доллар менен кошо азык-түлүктүн баасы да кымбаттады. Маслелен, Анжиян базарында өсүмдүк майы, ун, эт 10-15 пайызга кымбаттады.

– Беш литрлик күн карама майы 80 миң сум болсо, азыр 98 миң сум турат. Кумшекердин бир килограммы 8 миң эле, азыр 10 миң сумдан сатылууда. Эт дагы кымбаттады. Доллардын кымбатташы менен колбаса, сыр, таттуулардын баасы да өстү. Өзгөчө импорттук азык-түлүктөрдүн баасы жогорулап жатат, – деди Хаётулло аттуу сатуучу.

14-мартта орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салган.

Ага чейин Украина кумшекердин экспортуна убактылуу чектөө киргизген. Өзбекстан кумшекерди Россия менен Украинадан сатып алып турган.

Пикир

Оставить комментарий